«Райым миллиондун» кылмыш иши кыскарды. Эркиндикке чыкты

  • 3 года мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыгарылганын УКМК билдирди.

Ага карата 18-февраль күнү «кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. «Азаттык» радиосунун кызматкерлери иликтеп чыккан маалыматтардын негизинде чет мамлекеттердеги Матраимовдорго таандык кымбат баалуу мүлктөрү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. КМШ, Кытай, Бириккен араб эмираттарына алардын мүлктөрү боюнча расмий өтүнүчтөр жөнөтүлүп, терс жооп келген.

Ушуга байланыштуу жазык-процессуалдык мыйзамдардын талабына ылайык, Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыгарылды.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу УКМК тарабынан кармалган. Матраимов буга чейин да кармалып, сот аны айыппулга жыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган болчу.

Аталган мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген эле.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты