“Клооптун” мурдагы операторлору жана бухгалтерлеринин соту 25-ноябрда улантылат

  • 2 недели мурун

Бишкек шаардык сотунда “Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовдун жана бухгалтерлердин аппеляциялык даттануусу боюнча соту кечээ, 4-ноябрда, өттү.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди. 

Тараптар күбөлөрдү суракка алуудан баш тартып, айыпталуучулардын сурагына киришти. Адвокаттар айыпталуучуларды актоону жана жазаны эркинен ажыратпоо чараларына алмаштырууну өтүнүштү.     

Кийинки сот отуруму Бишкек шаардык сотунда 25-ноябрда саат 10:00 дө өтөт. Укук коргоочунун айтымында, бул күнү өкүм чыгарылуусу күтүлөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды.

Ошондой эле аталган долбоорлордун ишмердүүлүгүнө катышкан Болот Темиров жана Ринат Тухватшиндин аракеттери да экстремисттик деп таанылган чечим чыгарылды. Ошондой эле аталган медиа долбоорлордун интернеттеги баракчалары жана ишмердүүлүгү тыюу салынды.

2024-жылы 16-июлда Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөрүүсүз калды.

17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка 5 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми эки эсепчиге 3 жылдан пробация режими берилди.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин мекеме мыйзам чегинде иш алып барганын белгиледи.

«Биз мыйзам чегинен чыкпай иштеп жатканбыз. УКМК кызматкерлери салык боюнча көптөгөн отчетторду кылдат иликтеп чыкса, биз юридикалык жактын мыйзамдуу иш алып барганына көздөрү жетет» деди Тухватшин.

Сүрөт: укук оргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты