​Райымбек Матраимовдун жубайы да АКШнын “кара тизмесине” кирди. Матраимовдор үй-бүлөсүнө санкциялар колдонулду

Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы “Магнитскийдин” тизмесине киргизилген. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео 10-декабрь күнү өзүнүн Твиттер баракчасында билдирген.













“Мен мурунку кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов жана анын жубайын коррупциялык иштери үчүн айыптайм жана Глобалдык Магнитский тизмесине киришин колдойм. Бирге иш алып баруу менен гана биз коррупциялык иштерге каршы туруштук көрсөтө алабыз жана дүйнө жүзүндө адам укуктарын бузгандарды жоопкерчилике тарта алабыз”, — деп жазган Майкл Помпео.

Буга чейин Райымбек Матраимов Магнитскийдин тизмесине киргизилгендиги маалым болгон.

АКШнын расмий маалыматы

АКШнын Финансы министрлигин маалыматына ылайык, Райымбек Матраимов Кыргыз Республикасынан 700 млн. АКШ долларын чыгарып кетүү бажы схемасында мүчө болгон.

“Матраимов коррупциялык иштерге тиешеси бар, мамлекеттик активдерди мыйзамсыз менчиктештирген, жеке каражаттарды өз максаттары үчүн зордук жол менен менчиктештирген чет өлкөлүк мамлекеттик кызматкер же мурунку мамлекеттик кызматкер катары Глобалдык Магнитскийдин тизмесине киргизилди”, — деп белгиленген АКШнын Финансы министрлигинин маалыматында.

Бул санкциялардын негизинде, тизмедеги адамдар АКШнын аймагына кире албайт, АКШнын жарандарына ал адамдар менен ар кандай келишимдерди түзүүгө тыюу салынат. Мындан сырткары, АКШнын аймагында тизмеге кирген адамдардын мүлкү жана каражаттары болсо, алар арестке кабылат.

Магнитский тизмеси тууралуу кенениреек төмөнкү шилтемеде:

“Глобалдык Магнитский акты деген эмне?”

Элнура Алканова бул кадамды АКШнын эки жүздүү саясаты деп баалады

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, бул партиянын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан Элнура Алканова Райымбек Матраимовду “Магнитский тизмесине” киргизилишин АКШнын эки жүздүү саясаты деп баалады:

«Матраимов Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи болгон эмес. Төраганын орун басары болгон. Малабаев, Кулматов деген жетекчилер отурган. «Азаттык» төрт иликтөө жасап, бирөөндө да алар тууралуу ооз ачкан эмес. Матраимовдун маселесин көтөрүп жатканда башка жетекчилердин маселеси көтөрүлгөн эмес. АКШ бийлиги сот өкүмү чыга элек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди, ал эми коррупция үчүн айыпталып, соттун өкүмү чыккан Аскарбек Шадиев ошол эле Америкада жашап жүрөт. Эмне үчүн аны кара тизмеге киргизбейт? Ошондуктан бул АКШнын эки тараптуу, өз кызыкчылыгын коргоо саясаты, кызыкчылыктарынын алкагындагы иш деп эсептейм», — деп билдирген Элнура Алканова.

Бул кадамдын таасири кандай болот?

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” (OCCRP) долбоорунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан АКШнын Каржы министрлиги Райымбек Матраимовго каршы салган санкцияларынын таасири тууралуу “Азаттыка” билдирген. Анын айтымында, Райымбек Матраимов жемкорлукка жана күмөндүү иштерге аралашканын айгинелеген кадам.

“Бул — эл аралык коомчулук тааный турган чечим. Дүйнөнүн ар кайсы мамлеккеттери бул адам күмөндүү иштерге катышкандыгын түшүнүшөт, аларга жетиштүү маалымат берилет. Эгерде кимдир-бирөө бир өлкөнүн “кара тизмесине” илинсе, анын таасири башка өлкөлөргө да тарап, санкция салбаган жерде деле мүлкү чыкса, ал камакка алынышы мүмкүн”, — деп билдирди Дрю Салливан.

Мындан сырткары, Дрю Салливан Кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимовдун ишин иликтөөгө аргазсыз экенин билдирген:

“Бир мамлекет кайсы бир экинчи мамлекетке же анын жаранына чара көргөндө, “кара тизмеге” илинген тараптын ээн-эркин ишмердик жасашына, деги эле жашоосуна бир топ тоскоолдук жаралат. Албетте, биз Матраимовдун Кыргызстанда таасири талашсыз болгонун, ал кыргыз бийлигине акчасын “чачканын” билебиз. Андыктан бийликте ага каршы кандайдыр бир чара көрүүгө тоң моюн мамиле жасачулар толтура чыгышы ыктымал. Бирок эми ал “кара тизмеге” илингенден кийин кыргыз бийлиги ага чара көрбөй же ага кандайдыр бир саясий кызмат берсе, анда эл аралык алкакта Кыргызстандын алдында бир топ тоскоолдуктар пайда болот. Бул жагдай өлкөгө оңбогондой залакасын тийгизери айдан ачык.

Андыктан эми Кыргыз өкмөтүнүн Матраимов катышкан иштерди терең иликтөөдөн башка аргасы жок. Анткени ал канчалаган жыл бою эч кимди тоготпой, өз билгенин жасады. Эми болсо анын уюшкан кылмыштуулук менен байланышы тууралуу да маалымат чыгып, Кыргыз өкмөтү бул маселеге көңүл бурарын билдирди. Бул деген мындан ары кыргыз бийлигине убакытты созууга болбойт деген белги”, — дейт Дрю Салливан.

Кыргызстандагы АКШнын элчилиги билдиргендей, Райымбек Матраимовго каршы колдонулган санкциялар туугандарына да каршы колдонулат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кеминде 700 миллион АКШ долларынын аткезчилик жолу менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан. Мындан тышкары, Матраимов кызматтык милдеттерин аткарып турганда коррупцияга тиешеси бар болгондугу үчүн 7031(c) бөлүгүнө ылайык тизмеге киргизилди. Мыйзамга ылайык Мамлекеттик катчы жарыя кылып же жарыялабай туруп кызмат адамдарын жана алардын жакындарын тизмеге киргизүүгө милдеттүү. Матраимовдон тышкары, Департамент анын жубайын Уулкан Тургунованы тизмеге киргизди”, — деп белгиленет элчиликтин маалымат билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, АКШ өкмөтү Европа Биримдигин боюнча өзүнүн дүйнөлүк санкцияларын кабыл алуу чечиминен кийин өнөктөш катары кубаттаарын жана АКШнын юрисдикциясы тараган жерлерде мыйзам бузгандар коопсуз жай ала албастыгын камсыз кылаарын элчилик белгилеген.

Мындан сырткары, коомдук активист Улан Үсөйүн өз Instagram баракчасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгондорго АКШ жана Европага кирүү ВИЗАларына чектөө коюу документи даярдалып жатканын ишенимдүү булактары айтканын билдирди

Матраимовдун окуясы

Райымбек Матраимов 20-октябрда республиканын бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалганы кабарланган, бирок ошол эле күнү кечинде “эч жакка чыкпоо” шарты менен бошотулган. Ошондой эле, ал коорупциялык иштердин негизинде келтирилген зыяндын негизинде 2 млрд. сом төлөп берерин айткан.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигин маалыматына ылайык, Райымбек Матраимов 8-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 773 млн.сом төккөн.

Эске сала кетсек, Раймбек Матраимов “Азаттык”, “Клооп” OCCRP жана Bellingcat жарыялаган иликтөөдөн кийин белгилүү болгон. Бир канча иликтөөдө Райымбек Матраимов Бажы кызматында иштеп жүргөндө бажы аркылуу мыйзамсыз 700 млн. АКШ долларын чыгарып кеткени белгилүү болгон. Бул иликтөөлөр коомчулукта кескин сынга алынып, бир канча митингдердин өтүшүнө себепкер болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты