Жеңиш Молдокматов: 36 жана 39-протоколдорду элге ачык чыгара турган учур келди  

  • 2 года мурун

Саясатчы, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов чек ара  маселеси боюнча, 36 жана 39-протоколдорду элге чыгаруу мезгили келгенин айтып, мамлекет башчы Садыр Жапаровго Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.  

-Эки жылдан бери социалдык-экономикалык-саясий чыңалуудан улам чек ара да тынч эмес. 39 жана 36-протоколдорду элге ачык чыгара турган учур келди. Бул – элдин талабы, бул – мыйзамдын талабы, бул – тарыхтын талабы. Биз былтыркы Баткендеги окуядан кийин талап коюп кайрылганбыз. Эртеси бизди түрмөгө камадыңар. Бизди душман кылдыңар. Бирок окуя бил жылдан кийин оорунан кайталанды.  Учурунда элдин коопсуздугун караган эң жакын досуңузду кызматтан алууну талап кылганбыз. Бүгүн дагы ал талап күчүндө. Бүгүн жалпы коомчулук талап кылууда. Акыркы эки жылда, сиз бийликке келгенден баштап, чек ара чыры токтой элек. Ок чыгып, жарандарыбыз, керек болсо, ымыркай балдарыбыз көз жумуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин эч ким жооп бере элек.  Эмнеден улам? Мамлекетти башкаруудагы баш-аламандыктан улам,-деди Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов 2021-жылдын 6-майында кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү.

Кийин ага кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук»), 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») жана 257-беренеси («Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу») боюнча дагы айып тагылган. Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынган Кийин ал үй камагына чыгарылган.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду. 200 кө жакын киши жарат алды. Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты