Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовго дагы үч кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

Камактагы саясатчы, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы үч берене боюнча кылмыш иши ачылды.

Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Молдокматовго кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук»), 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») жана 257-беренеси («Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу») боюнча жаңы айып тагылган.

ИИМдин тергөө кызматы материалдарды жакынкы аралыкта сотко өткөрүп берет.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 2021-жылдын 6-майында кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты