УКМК: “Кадамжай” жана “Чечмеде” чек ара, бажы жана көзөмөлдөөчү органдын 40тай кызматкери кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен бирге мамлекеттик чек аранын коңшу мамлекет менен чектеш өткөрүү пункттарында кызмат өтөгөн Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары, Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманын ишмердүүлүгүн токтотту.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пункттарында аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдары кармалды.
Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү улуттук валюта, Өзбекстан сумдары жана АКШ долларлары табылып, далил буюм катары алынды.
Мындан тышкары, кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында УКМКга «Кадамжай» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 17 чек ара кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын кызматкери, фельдшер жана 3 жаран жеткирилди. Ал эми «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 11 чек ара кызматкери жана Мамлекеттик бажы кызматынын 3 кызматкери жеткирилди.
Расмий маалымат берилгенге чейин, 5-июлда Баткен облусундагы “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү жайларынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облустук башкармалыгы (УКМК) “Альфа” атайын бөлүгү менен бирге Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын жана Ветеринардык көзөмөл кызматынын 27 кызматкерин кармаганын жеке булактарынын айтымында, 24 kg жана Кактус медиа 6-июлда жазып чыккан.
Маалыматтарда айтылгандай, 5-июлда кечинде Баткен облусундагы ”Кадамжай-автодорожный” жана “Чечме-автодорожный» чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарынан УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы “Альфа ” атайын кызматы менен бирге Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын жана Ветеринардык көзөмөл кызматынын кызматкерлерин коррупцияга шектүү катары кармаган. Эки өткөрүү жайынан кармалгандардын жалпы саны 27 кызматкер болгондугу айтылган.
“Кадамжай” пунктуна атайын кызматтын кызматкерлери кирген учурда постто турган прапорщик Ш.Р. төрт ирет ок аткан. Сержант Р. бир жолу ок аткан. Аталган ЖМК булактары билдиргендей, Чек ара кызматынын кызматкерлеринен 38,5 миң сом, 5 миллион 484 миң өзбек суму, дагы кызматтык унаадан 200 миң сум чыккан. Акчалар алдын ала кызматтык унаага чехол алуу үчүн сумга которулганын айдоочу айтып берген.
Бажы кызматкерлеринен 100 миң сом, дагы суммасы такталып жаткан долларлар алынган.
Жеке булактардын айтымында, атайын операция жүрүп жаткан учурда өткөрүү жайлары жабылып, 3 миңдей киши жана 400дөй унаа күтүп турган.
Сүрөт: УКМК




