Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Абактагы саясатчы, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты. Бул тууралуу саясатчынын тарапташтары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту 2-февралда Октябрь окуяларына байланыштуу айыпталып, камакта жаткан саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, Жеңиш Молдокматовду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Ал эми Асанов менен Ниязов абакта калтырылды.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 2021-жылдын 6-майында Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү.

Кийин ага Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук»), 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») жана 257-беренеси («Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу») боюнча дагы айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты