​Жеңиш Молдокматов эки айга камалды

  • 3 года мурун

Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу, бүгүн, 8-майда адвокат Кантемир Турдалиев маалымдады.

“Душа чейинки беренени “массалык башаламандык уюштуруу” дегенге которуп, эки айга камакка алды. Октябрь айында жалгыз Жеңиш Молдакматов болгон эмес. Утулуп калган 12 партиянын өкүлдөрү чыгышкан”, — деп билдирди адвокаты.

Биринчи май райондук соту Молдакматов 6-июлга чейин №1 тергөө абагында кармаларын билдирди.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда суракка барып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Милиция ал Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шек саналып жатканын кабарлаган. Жеңиш Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты