Саясатчы, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкекте жөө жүрүш уюштурулду (Видео)

Бүгүн, 24-октябрда, саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

Жөө жүрүш Бишкек шаарынын темир жол бекетинен башталды. Катышуучулар борбордук аянтка бара жатышат.

«ПолитКлиника» медиасы жөө жүрүштөн түз эфир алып көрсөтүүдө. Бирок Интернет байланышы начар болууда. Санариптик өнүгүү министрлиги Интернет байланышын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.

Абдирасулова саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирди. Азырынча бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаевдин кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин айткан. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин да белгилеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты