Жарандык активист Бекназар Айталиев 6-октябрга чейин камакка алынды
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Трансформация” элдик кыймылынын координатору, жарандык активист Бекназар Айталиевди 6-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Айталиевге кылмыш-жаза кодексинин массалык башаламандыктар беренеси боюнча айып коюлууда.
Бекназар Айталиев 7-августта Бишкек шаарынын карамагына өткөн “Көк-Жар” конушунун 172-контурунун тургундарыеые маселеси боюнча басма сөз жыйынына катышкан. Басма сөз жыйынында тургундар өздөрү кабылган жагдайга түшүндүрмө беришкен.
Анда Трансформация кыймылынын төрагасы Бекназар Айталиев да сөз сүйлөп, президентке, УКМК төрагасына үч сунуш келтире тургандарын билдирген:
-Жер мунапысы мыйзамы 2022-жылы 1-апрелде чыккан. “Жер укук-мамилелерин жөнгө салуу” мыйзамы деп аталат же эл ичинде Жер мунапысы, амнистия мыйзамы деп айтып келебиз. Мыйзам чыккан күндөн баштап президент жерди амнистия кылууну план кылып койгон. Ушул мыйзам бир жылда аткарылып бүтүшү керек болчу, быйыл үч жылдан ашып баратат. Мына, быйыл жарым-жартылай аткарылууда. Ушул мыйзам чыккандан кийин, 8-апрелде, президенттин жарлыгы чыккан. Ошол жарлыкта жерди басып алуу токтотулсун деп айтылган. Мыйзам менен жарлык бири-бирине шайкеш гана келген жактары болбосо, эч кандай каршылыкты көрүүгө мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик президенттин жарлыгына таянып жатабыз дейт. Мейли таянсын, бирок бизде мыйзам иерархиясы бар да, Конституция-Баш мыйзам, мыйзамдар, ар бири этап-этабы менен кетет да. Жер мунапысы мыйзамын булар токтоткону турабы? Бул президенттик администрация кызматкерлеринин билимсиздиги же жергиликтүү бийликтин президенттин ишине карата атайын саботажы.
Коомдук-саясий чыңалууга алып барышууда. Мен булардын укугун коргоп жатам. Алардын лидерлерин камап, штраф салууда. Аким, мэр туура эмес айтып жатат, жерди баштапкы калыбына келтиребиз дейт. Кантип келтирет? Бул жерлер Аламүдүн районуна караштуу болгон. Жергиликтүү бийлик шылтоо менен үчүнчү күчтөргө кызмат кылып жатат,-деди Бекназар Айталиев.
Президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге үч сунуш киргизе туургандарын билдирген:
- Жеке турак-жайларды буздурууга мораторий жарыялоо;
- Жер мунапысына кирген контурларды иргеп, тизмесин түзүп, Министрлер кабинетинин расмий сайтына жайгаштырууну сунуштоо;
- Жер мунапысы боюнча жеке топту кабыл алуу.
Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Көк-Жар» айылынын №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча пикирин билдирди. Президенттин тапшырмасынын негизинде учурда жарандарды турак жай менен мыйзам чегинде жана адилеттүү камсыздоо боюнча чечим ишке ашырылып жатканы айтылды.
«Ошол эле учурда айрым саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып, бул курч теманын тегерегинде ой-пикир айтып жаткандыгын белгилейбиз. Бишкек шаарынын мэриясы мындай маанилүү процесске кийлигишпөөгө чакырат. Бул маселе кылдат, мыйзамдуу жана адам тагдырына урмат менен мамиле кылууну талап кылат» деп айтылат Бишкек шаарынын мэрисынын билдирүүсүндө.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Көк-Жар жаңы конушундагы 172-контур боюнча мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү түрттүрүү боюнча президентке кайрылып, жумушчу топ түзүүнү, түрттүрүү иштерин убактылуу токтотууну суранды.
Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда коммерциялык объект, тосмо жана үйлөр буздурулууда. Мэрия бул объектилер, үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтууда. Көк-Жар айылынын жашоочулары каршы чыгып, жолду тосушту.
“Көк-Жар” конушунда мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү бузууга каршы мыйзамсыз деп эсептелген жол тосууга шектелген А.Ж., К,Н, М.У., А.Б., Б.М. кармалды.
Мэриянын айтымында, Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар. Мэриянын маалыматында айтылгандай, бул жерлер 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык келбейт.
Сүрөт: Пресс-конференция учурундагы видео тасмадан




