Бишкектеги “Жунхай” базарынан өрт чыкты
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 22-октябрда саат 20:15те Бишкектеги “Жунхай” базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт чыккан жерде өрт өчүрүүчү 7 унаа иштеп жатат жана ыкчам штаб тартылган.
Баштапкы маалыматтар боюнча, өрт электр чырактары, люстра жана үй тиричилик буюмдарын саткан контейнерлерден чыккан. Соода катарлары бири-бирине жакын жайгашкандыктан, жалын тез тарап кеткен.
Иллсбтрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




