“Көк-Жар” конушунун тургундары өздөрү кабылган жагдайга түшүндүрмө берди
- 11 месяцев мурун
- Баяндар
Бүгүн, 7-августта, учурда Бишкек шаарынын карамагына өткөн “Көк-Жар” конушунун 172-контурунун тургундары басма сөз жыйынын өткөрүп, өздөрү кабылган жагдайга түшүндүрмө берди.
Кабылбеков Ажыбай, “Көк-Жар” конушунун тургуну: “Аламүдүн районунун жетекчилери жерди трансформация кылууга бизге негиз берген”
-201-2015-жылдан бери суу жок, эчтеке жок, куурап калган жерди трансформация кылабыз деп аракет кылып келе жатабыз. Ошондо Аламүдүн районунун жетекчилери баарыбыздын аракеттерибизди, документтерди чогултуп, 12 инстанциядан өткөнбүз, трансформация кылганга негиз берген. Бул — Ахунбаев көчөсүнүн үстү. Ошондон баштап биз өз эсебибизден көчө, суу чыгарып, электр энергия линиясын, ар бир участокко, ар бир үйгө тартып келгенбиз. Ошондо “пайдасын көрбөй калуу”- “упущенная выгода” төлөйсүңөр деген, биз ошого да макул дегенбиз. Аламүдүн районунун жетекчилери бизди ынандырып, “трансформация болот” деп жолдорун көрсөтүп, айтып келишкен. Кадастр мекемеси акыркы картаны түзүп беребиз деген. 172-контурга жаңы карта да түзүп берген. Анда Бишкекке өтөрүбүздү да билген эмеспиз. Бишкекке өткөндө да мэр автоматтык түрдө трансформацияга кирдиңер деп айткан.
Эми үч күндөн бери Октябрь акимиатынан келип, объекттерди талкалап жатышат.
Бизде бир дагы баскынчы жок. Ахунбаев көчөсүнүн үстү жагында 812 участок бар, 150 үй 2021-жылга чейин, 350 үй 2022-жылы курулуптур. Ошондо 200 дөн ашык эле участок бош болуп, баары жайгашып, жашап жатат.
Мухамедалиев Шухрат, “Көк-Жар” конушунун тургуну: «149 үй мунапыска туура келет экен. Калгандары эмне болот?”
-Мен 172-контурдун тургунумун. 2015-2016-жылдары Көк-Жардагы жер ээлери биригип, участокту бөлүп, жашоо үчүн жерди трансформациялоого аракет кылган. Ар бир тургун өз чөнтөгүнөн жолго, инфраструктурага акча бөлүп, сууну скважина менен чыгарууга акча чыгарган. 12 инстанциядан өтүп, справка чогултканбыз. Мына-мына трансформация болот деп жаткан. Кээ бири там салып, кээ бири каражатка байланыштуу сала албай турган. Биздин контур Бишкекке өтүп, буга чейин чогулган документтерибизге карабай, бул жер кайра баштапкы калыбына келет деп калды. Эми бул жер Бишкек муниципалитетине өтүп калды. Бул жер ал кезде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу болчу. Бизге там салууга уруксат берилген. Биздин контурдун тагдыры эмне болот, белгисиз. 149 үй амнистияга туура келет экен, алар бир участокто эмес, алар ар кайсы жакта жайгашкан. Эгер аларга уруксат берилсе, калгандары эмне болот?
Исманалиева Салия, 172-контурдун тургуну: Энелерди ыйлатпагыла!
-2019-жылы балам ушул жерди алды. Ага чейин талаалап жүрдү. 6 баласы бар 2021-жылдан баштап үйдү баштады. Кичинеден жылда барып иштеп келип турушту. 4 жыл 600 доллардан квартирада турдук, көп балалууларды квартирага да албайт экен.
3 ай болду, ушул үйдү бүтүрдү. Сүйүнүп отурдук эле, эми үйдү буздуруп койсо каякка барабыз? Балам 25 миң долларга жерди сатып алган. Баары эле мен сыяктуу. Ушул күндө да балам талаалап иштеп жүрөт. Менин кошунам бар, 6 бала менен. Былтыр күйөөсү каза болду, туугандары үйдү бүтүрүп киргизип койду. Менин үйүмдөгү көйгөй ар бир үйдө турат. Баары талаада иштеп жүрүп, үй салгандар. Энелерди ыйлатпагыла! Энелердин көз жашын төкпөгүлө!
Сулайманов Мырзаке, тургун: Баткенде кыргыз-тажик согушунда уулум каза тапкан. Анын алып койгон жеринин документи жок болууда
—Менин уулум Сулайманов Мухтар 2022-жылы кыргыз-тажик согушунда каза болгон. Ал 172-контурдан үй салам деп 4 сотых участок сатып алган, тилекке каршы ниетине жетпей калды. Каза болгондорго бөлүнгөн үйдүн ачкычын алгам. Мен 5 баланы тарбиялап өстүрүп жатам. Каза тапкан баламдын ишин улантайын дегем. Баламдын атынан көчөнүн атын коюп, айкелин тургузду эле. Эми ошол айкелди менин үйүмө жеткирип беришсин. Үйдүн документи да, жердин документи да жок.
Айталиев Бекназар, Трансформация кыймылынын төрагасы: “Президентке, УКМК төрагасына үч сунуш келтиребиз”
-Жер мунапысы мыйзамы 2022-жылы 1-апрелде чыккан. “Жер укук-мамилелерин жөнгө салуу” мыйзамы деп аталат же эл ичинде Жер мунапысы, амнистия мыйзамы деп айтып келебиз. Мыйзам чыккан күндөн баштап президент жерди амнистия кылууну план кылып койгон. Ушул мыйзам бир жылда аткарылып бүтүшү керек болчу, быйыл үч жылдан ашып баратат. Мына, быйыл жарым-жартылай аткарылууда. Ушул мыйзам чыккандан кийин, 8-апрелде президенттин жарлыгы чыккан. Ошол жарлыкта жерди басып алуу токтотулсун деп айтылган. Мыйзам менен жарлык бири-бирине шайкеш гана келген жактары болбосо, эч кандай каршылыкты көрүүгө мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик президенттин жарлыгына таянып жатабыз дейт. Мейли таянсын, бирок бизде мыйзам иерархиясы бар да, Конституция-Баш мыйзам, мыйзамдар, ар бири этап-этабы менен кетет да. Жер мунапысы мыйзамын булар токтоткону турабы? Бул президенттик администрация кызматкерлеринин билимсиздиги же жергиликтүү бийликтин президенттин ишине карата атайын саботажы.
Коомдук-саясий чыңалууга алып барышууда. Мен булардын укугун коргоп жатам. Алардын лидерлерин камап, штраф салууда. Аким, мэр туура эмес айтып жатат, жерди баштапкы калыбына келтиребиз дейт. Кантип келтирет? Бул жерлер Аламүдүн районуна караштуу болгон. Жергиликтүү бийлик шылтоо менен үчүнчү күчтөргө кызмат кылап жатат.
Президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге үч сунуш киргизип жатабыз:
- Жеке турак-жайларды буздурууга мораторий жарыялайлы;
- Жер мунапысына кирген контурларды иргеп, тизмесин түзүп, Министрлер кабинетинин расмий сайтына жайгаштырууну сунуштайбыз;
- Жер мунапысы боюнча жеке топту кабыл алууну суранабыз.
«Кийлигишпегиле». Бишкек мэри Көк-Жар конушу боюнча пикирин билдирди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Көк-Жар» айылынын №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча пикирин билдирди.
Маалыматка караганда, ал президентке бул конуштагы абал боюнча сунуш киргизди.
Өлкө башчысы бул маселе боюнча түшүнүү менен кабыл алып, колдоосун билдирген.
Президенттин тапшырмасынын негизинде учурда жарандарды турак жай менен мыйзам чегинде жана адилеттүү камсыздоо боюнча чечим ишке ашырылып жатканы айтылды.
«Ошол эле учурда айрым саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып, бул курч теманын тегерегинде ой-пикир айтып жаткандыгын белгилейбиз.
Бишкек шаарынын мэриясы мындай маанилүү процесске кийлигишпөөгө чакырат. Бул маселе кылдат, мыйзамдуу жана адам тагдырына урмат менен мамиле кылууну талап кылат» деп айтылат билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Көк-Жар жаңы конушундагы 172-контур боюнча мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү түрттүрүү боюнча президентке кайрылып, жумушчу топ түзүүнү, түрттүрүү иштерин убактылуу токтотууну суранды.
Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда коммерциялык объект, тосмо жана үйлөр буздурулууда. Мэрия бул объектилер, үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтууда. Көк-Жар айылынын жашоочулары каршы чыгып, жолду тосушту.
Мэриянын айтымында, Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар.
Мэриянын маалыматында айтылгандай, бул жерлер 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык келбейт.
Сүрөт: Пресс-конференция учурундагы видео тасмадан




