Бишкек мэриясы Көк-Жарда мыйзамсыз курулган деген үйлөрдү буза баштады. Жашоочулар каршы чыгууда (Видео)

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда коммерциялык объект, тосмо жана үйлөр бузулууда. Мэрия бул объектилер, үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтууда.  Көк-Жар айылынын жашоочулары каршы чыгып, жолду тосушту. Милиция жашоочуларды кармап жатат.  

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматында айтылгандай, эмерек цехи, картинг аянтчасы, кум блокторун чыгаруучу цех, ашкананын жана дүкөндүн кире бериш топтору, эмерек цехи, автосервис, ангар жана башкалар демонтаждалды.

Бул объектилер 2021-жылдан кийин курулган. Буга чейин бул аймактар административдик-аймактык реформанын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан, андан соң Бишкек шаарына өткөн.

Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар.

Мэрияныны маалыматында айтылгандай, бул жерлер 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык келбейт.

Буга чейин Октябрь райондук администрациясы жана «Көк-Жар» МАБы жарандар менен мыйзамсыз курулушка жол бербөө жана жер тилкелерин багыты боюнча пайдалануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жолугушууларды өткөргөндүгү айтылат.

Видео: «Короче» Телеграм-каналынан.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты