Депутат Бекешев Көк-Жардагы үйлөрдү түрттүрүү маселеси боюнча президентке кайрылды

  • 11 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Көк-Жар жаңы конушундагы 172-контур боюнча мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү түрттүрүү боюнча президентке кайрылып, жумушчу топ түзүүнү, түрттүрүү иштерин убактылуу токтотууну суранды.

“Жарандар өз үйлөрүн 1990-жылдардан бери куруп, узак убакыттан бери жашап келе жатканын айтып, буга чейин аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй келгенине нааразылык билдиришүүдө. Натыйжада учурдагы буздуруу иштерине каршы нааразылык күчөп жатат».

«Маселенин ачык жана калыс чечилиши үчүн жергиликтүү бийлик, жарандар жана тиешелүү органдардан турган жумушчу топ түзүү зарыл деп эсептейм.  Ошондой эле түрттүрүү иштерин убактылуу токтотуп, түшүндүрүү иштерин уюштуруу маанилүү.  Бул маселени чечүүдө сиздин колдооңузду жана сунушту карап чыгууңузду суранам” деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.       

           

Дастан Бекешеев да белгилегендей. 2025-жылдын 5-августунан баштап, Бишкектеги “Көк-Жар” жаңы конушунун 172-контурунда мыйзамсыз курулган коммерциялык жана башка объекттерди түрттүрүү башталган. Бул иш-чара  президенттин №109 жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүүдө. 6-августта бузуу иштерин улантуу учурунда жарандар нааразылык акция уюштуруп, милиция катышып, болжол менен 22 адам кармалып, камакка алынган.

Бишкек шаарынын “Көк-Жар” конушунда мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү бузууга каршы жол тоскондордун арасынан жол тосууга шектелген А.Ж., К,Н, М.У., А.Б., Б.М. кармалды. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу камак жайына киргизилди.   

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда коммерциялык объект, тосмо жана үйлөр буздурулууда. Мэрия бул объектилер, үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтууда.  Көк-Жар айылынын жашоочулары каршы чыгып, жолду тосушту.

Мэриянын айтымында, Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар.

Мэриянын маалыматында айтылгандай, бул жерлер 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык келбейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты