Жапырт камоолор: Нурлан Асанбеков адилетсиздикке каршы ачкачылык кармоодо

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган 28 адамдын бири – Нурлан Асанбеков журналисттерге, укук коргоочуларга, эл аралык уюмдарга кайрылуу жасады.

Анда Нурлан Асанбеков адилетсиз камакка каршы 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын билдирди. Ал «кургак» ачкачылык кармады, суу да ичпейт.

Нурлан Асанбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетине тиешеси жок экенин билдирип келет, болгону кармоо учурунда ал саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүн ремонттоп аткан.  

Асанбеков 10 жашар кызын өзү жалгыз багат, андан тышкары анын ДЦП дарты менен ооруган 5 жашар кызы жана ден соолугу жабыркаган апасы бар. Аларды да өзү камкордукка алып, дарылатып турчу.

Мына ушул жагдайлар сотто да справка менен тастыкталган. Бирок ага карабастан, Асанбековду эки айга №1 СИЗОго камашты.  

Мына ушуларды билдирип, Нурлан Асанбеков кайрылуу жасады.  

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар. Ал эми кармалгандардын арасында Нурлан Асанбеков да бар. Ал «КЕмпир-Абадды коргоо комитетине да мүчө эмес.

Бүгүнкү күнү аталган негизде кармалган саясатчылар, журналисттер жана активисттердин саны 28 адамга жетти.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. 

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Сүрөттө: Нурлан Асанбеков. Социалдык тармактардан.    

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты