“Кемпир-Абад иши боюнча күбөлөр суралган жок. Өкүм шашылыш чыгарылганы турат”. Кайрылуу (Видео)

Кемпир-Абад иши боюнча өкүм шашылыш чыгарылганы жатканы, ал иш боюнча бир да күбө суралбаганы боюнча чогулган саясатчылар, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар Кайрылуу жасашты.

Кемпир-Абад иши боюнча комитет төрагасы Мамбетжунус Абылов буларды тезинен бүтүргүлө деп шаштырып жаткандай болгонун билдирди:  

-7-8 киши суралды. Сурак Азимбек Бекназаров менен бүттү. Буларга убакыт зарыл болуп, “мобу менен бүтөсүңөр” деп бирөө айткандай болууда. Мында бири-бирине байланышкан иштер бар. Мен биринчи жолу сурак берген турам. Айыптоочунун айткандарынын бирин четке кагып, бирин кага албагандай болуп турам, кыска убакытта ” деди Абылов.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Рита Карасартова иш боюнча бир да күбө суралбаганын билдирди:

— Айыптоо актысын угузбаганы, ал биринчи болгон. Кылмышты кароонун эрежеси бар, мамлекет, прокуратура  тарабынан күбөлөрдү алып келиши керек болчу. Кемпир-Абад иши боюнча бир да күбө жок. Күбөлөрдү эмес, айыпталган кишилерди угалы деп эрежени бузуп кетишти. 15-июнда иштин сотко өткөнүнө бир жыл болот. Бир жылда өкүмдү угуза албасаң, анда СИЗОдон чыгарыш керек. Ошого далбастап шашып, бир жумада үч күн соттук териштирүү болот дегенди уктуңар беле? Андай болгон эмес. Жабык болсо, өзүбүздүн иш боюнча эчтекени айта албасак, ушунтип шашылыш өкүм чыгарып салышса, кандай болот деген кооптонуу болууда, -деди Рита Карасартова.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучу Клара Сооронкулова айыпталып жаткан адамга күнөөсүн так угузуш керек, бирок күбөлөр жок, эпизоддор боюнча эле күбө суралып калганын айтты. Сотторго адилет чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк бериш керектигин белгиледи:  

-Соттун жүрүшүнүн өзүнүн эрежеси, этаптары бар. Эң негизгиси алгачкысы- айыптоо актысын угузуу. Айыпталып жаткан адамга эмнеге күнөөлөнүп, кандай далилдери бар экенин так угузуш керек. Айыпталуучудан сураш керек, түшүнүктүү болдубу, күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы деп. Тилекке каршы андай болбой калды. Булар айыптоочу актыны Эрлан Бекчороевге окуп туруп эле, баарыңарга ушундай, түшүнүктүүбү деп эле жалпы сурап койду. Сот кийинки этапта күбөлөрдү угалы деген. Бирок бир да күбө суралган эмес, бир эпизоддор боюнча эле күбөлөр суралып калды. Катышып жаткандардын баары суроо бергенге укуктуу, бирок андай болбой калды. Адвокаттарды да УКМКга чакырып, жүрөк үшүн алып койгондой, алар да жалдырап отуруп эле калды. Мамлекеттин ошончо каражаты кетип жатат. Соттун чечимин күтөлү десе, сотторго кысым көрсөтпөй, өздөрү чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк бериш керек, -деди Клара Сооронкулова.    

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активтисттер суракка алына баштады.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган катында ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, бул мыйзам бузуу экени жазылган. 29-майдагы соттук отурумда биринчилерден болуп жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) суралган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 4-июнь 2024.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты