Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар адвокаттарга кысым болуп жатканын билдиришти

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткандар алардын адвокаттарына кысым болуп жатканын билдиришти.

Алардын адвокаттары Эркин Булекбаев, Эркин Саданбеков, Акин Токталиев, Жаныш Бараков, Акылбек Абазбеков, Асел Аргымбаева, Чынара Жакупбекова, Бакыт Автандил, Рабига Садыкова, Кантемир Турдалиев, Акынбек Ногоев жана Мунарбек Супатаевге бийлик, судья Марат Сыдыков жана укук коргоо органдары тарабынан болуп жаткан басымдар жана куугунтуктар боюнча кайрылуу жасашты.

“Биз, кемпирабадчылар, биздин адвокаттарыбызга болгон басымдарды жана куугунтуктарды мурда болуп көрбөгөн прецедент катары баалайбыз. Мындай фактылар укуктук өлкөдө жол берилбесин баса белгилейбиз” деди кемпирабадчылар

Судья Марат Сыдыков белгилүү адвокат Акин Токталиевге “адвокаттык лицензиясы жараксыз” деген жалган маалыматка таянып, сотко катышууга тыюу салганы, Булекбаев, Абазбеков, Саданбековдун адвокаттык лицензияларын, эч кандай негизсиз, чакыртып алуу боюнча юстиция министрлигине кайрылганы жана ушул жол менен башка адвокаттарды коркутуп жатканы айтылат. Булекбаевдин адвокаттык лицензиясын чакыртып алуу маселесине, башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы кийлигишип, адвокаттардын этика комиссиясына кат жолдогону белгиленди.

Буга кошумча, адвокаттардын сот процесске келишин УКМК көзөмөлдөй баштаганы айтылат.

«УКМК кызматкерлери, ооруп жаткан адвокаттар Саданбеков менен. Турдалиевди сотко күч менен алып келишти. Саданбековдун аялына, кызына телефон чалышып, атасын таап берүүнү талап кылышкан. Адвокаттардын баарын, УКМК кызматкерлери, сотко келишин талап кылып, укпагандарын УКМКга “сүйлөшүүгө”, Булекбаевди, УКМКнын тергөөчүсү, себебин айтпастан УКМКга келишин талап кылган. Мамлекеттик кызматтарда туугандары бар адвокаттарга, туугандары аркылуу басымдар, коркутуулар болууда» деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында болчу. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты