АКШнын түзөтүү борборунда Тажикстандын жарандары ачкачылык жарыялады

  • 2 месяца мурун

Луизиана штатына караштуу Винн шаарындагы түзөтүү борборунда кармалган тажик мигранттарынын тобу ал жактагы шартка нааразылык билдирип, ачкачылык акциясын өткөрүштү. Он күнгө созулган ачкачылык эч кандай жыйынтык берген жок.

Эки тажик жараны «Озоди» радиосуна берген маегинде АКШга Мексика аркылуу келишкенин айтышты. Алардын билдиришинче, бул жерде тажикстандык 100гө чукул жаран бар.

Алар АКШдан башпаанек сурашканын жана арыздары каралып жатканын белгилешти. Жаштар орус паспорту менен Мексикага чейин келип, ал жактан АКШга мыйзамсыз өтүшкөн.

Көптөгөн тажик мигранттары убактылуу кармоочу жайларда 4-6 айдан бери сот жараянын күтүп жатышканын айтышууда. Кошмо Штаттардагы башка түзөтүү борборлорунан айырмаланып, Луизианада иммиграциялык мыйзамдарды бузууга шектелген адамдар күрөөгө бошотулбайт.

Тажикстандык 26 жаштагы жигит 2023-жылдын октябрынан бери бул жерде экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта алар администрация начар мамиле жасап, күнүгө окшош тамак-аш берилүүдө

«Азыр бизге кайнатылган күрүч жана төө буурчак гана берилүүдө. Биз мигранттар эсебибизди акча менен толуктап турушубуз керек. Көпчүлүгүндө акча түгөндү. 10 күн ачкачылык жарыяладык, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок»деди ал.

Винн шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын администрациясы камактагы мигранттардын акциясы боюнча комментарий берген жок.

Орусиянын Украинага чабуулунан кийин Мексика аркылуу АКШга кирген мигранттардын саны арбыды. Алардын көбү качкын макамын алууга аракет кылууда.

2023-жылы Душанбедеги АКШ элчилиги тажикстандыктарды Кошмо Штаттарга баруу үчүн мыйзамдуу гана жолдорду колдонууга үндөгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты