Президент Жапаров Бишкектеги окуя боюнча кайрылуу жасады

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров жакында Бишкекте болгон окуя боюнча коомчулукка кайрылуу жасады.  

-Тилекке каршы коомубуздун турмушунда баарыбызды тынчсыздандырган жагымсыз окуяга туш болдук. Ортодо чын-бышыгын аныктабай туруп, чагымчыл күчтөрдүн азгырына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен көпчүлүк элибиз, мамлекетибиз жабыр тартып отурат. 13-майда окуяга калпы-чыны аралаш ар кандай боёктор сүртүлүп, 18-майда Интернетке видео-материал жайылткандардын кесепетин баарыбыз көрдүк.   

Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле. Биздин ички иштер министрлигибиз 13-майдагы окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерин жүргүзүп,  күнөөлүүлөрдү кармап атышкан.

«Тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү … буга бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар, атайын Вотсап группаларын ачып, чагым салган маалыматтарды таратышканын ачык айтып коеюн» деди президент кайрылууда.

“Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз. Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз” деди президент.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүн, 20-майда, кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты