Кемпир-Абад иши: Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгы начарлады

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлуп абакта жаткандардын бири – Кеңешбек Дүйшөбаевдин кан басымы көтөрүлүп, саламаттыгы начарласа да, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алынып келинген. Кемпир-Абад ишинен айыпталуучулар бул боюнча кайрылуу кабыл алды.

Буга чейин, 8-майда Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгы начарлаганына карабастан, сотко мажбурлап алынып келинген. Бирок анда да ага “Тез жардам” чакыртылган.

Бүгүн судья Марат Сыдыков Кеңешбек Дүйшөбаевдин кан басымы 200гө, кандагы канттын курамы 16га жеткенине карабастан,  аны сот ишине катыштырып, отурумду жүргүзүүгө бел байлап турганы кабарланды.  

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгына кабатыр болгонун жана ал сотко катыша албай турганы боюнча кайрылуу жасашты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты