Жапаров Өзбекстандын Президенти Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал талкууланды. 

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы тууралуу айтып берди.

Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялардын учурунда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилешти. 

Ошондой эле, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты