Өкмөттө Майлуу-Суу электр лампа заводу жана Хайдаркан сымап комбинатынын абалы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Майлуу-Суу лампа заводунун жана Хайдаркан сымап комбинатынын коомунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында Майлуу-Суу лампа заводу боюнча чечимдердин аткарылышы анын ичинде президенттин фондунан каражат бөлүү, ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү жана Майлуу-Суу электр лампа заводун кайра жандандыруу жөнүндө жарлык кабыл алуу жана анын базасында индустриалдык парк түзүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчетту укту.

Ошондой эле сымап, сурьма жана флюориттин олуттуу запастарына ээ болгон стратегиялык маанидеги Хайдаркан сымап комбинаты ишканасын сактап калуу жана анын өндүрүштүк потенциалын калыбына келтирүү чаралары талкууланды. 

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, ишканалардын финансылык-экономикалык абалын чыңдоо жана рентабелдүү ишин камсыз кылуу, ишканаларга инвесторлорду тартуу, ошондой эле жумуш орундарын сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты