УКМКнын төрагасынын экс-орун басары Тимур Шабданбеков үй камагына чыкты
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын экс-орун басары Тимур Шабданбеков 29-апрелде үй камагына чыкканы айтылды.
Бул тууралуу “Азаттык” Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы маалыматты ырастаганын жазды.
Тимур Шабданбеков 13-июнга чейин үй камагында болмокчу.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин т\рагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана башкалар Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. .
Тимур Шабданбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө. Ошондой эле “Ред петролеум” компаниясынын башчысы Акылбек Маматов, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров жана УКМКнын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлери кармалган.
Red Petroleum май куюучу станциялар тармагынын башкы директору Акылбек Маматов эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду.
Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниел Рысалиев кармалган. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 11-июнга чейин үй камагына чыгарылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




