УКМК төрагасынын дагы бир орун басары кызматтан алынды
- 4 недели мурун
Тимур Шабданбеков Уулуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
Акылбек Намазов УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынын бошотулган.
Анын ордуна Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
УКМК төрагасынын үч орун басары кызматтан бошотулду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору Элизар Сманов, Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан, Даниэл Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.
Сүрөттө: Тимур Шабданбеков. Интернет булактарынан




