УКМК төрагасынын экс-орун басары Рысалиевдин кармалганы кабарланууда

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниел Рысалиевдин кармалганы ЖМКда кабарланууда.  

Маалыматтарда айтылгандай, Даниел Рысалиев ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. Азырынча Рысалиев кайсы иш боюнча сурак бергени маалымдала элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары үч ай мурда кызматтан бошотулду. Алардын арасында Даниел Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору да бошотулган.

Сүрөттө: Даниел Рысалиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты