УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана башкалар кармалганы кабарланды  

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана башкалар Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу күч органдарындагы жеке булактарынын маалыматы боюнча бир катар ЖМК жазды.

Тимур Шабданбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип жатканы айтылды

Ошондой эле “Ред петролеум” компаниясынын башчысы Акылбек Маматов, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров жана УКМКнын бир катары мурдагы жана азыркы кызматкерлери кармалган.

Бул тууралуу расмий маалыматтар бериле элек.  

Эки ай мурда Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниел Рысалиев кармалган. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 11-июнга чейин үй камагына чыгарылган.

Сүрөттө: Тимур Шабданбеков. Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты