Red Petroleum жетекчиси Маматов эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Red Petroleum май куюучу станциялар тармагынын башкы директору Акылбек Маматов эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Акылбек Маматовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошотуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин Акылбек Маматов 13-июнга чейин камакка алынганы кабарланган. 14-апрелде Аскер прокуратурасы “Red Petroleum компаниясынын башкы директору Акылбек Маматовду кармагандыгы маалым болгон.

Маматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянат пайдаланууга көмөктөшүү беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өтүп жатат. Акылбек Маматов 15-апрелде Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.  

Укук коргоо органдары Акылбек Маматовдун кармалышы жана ага козголгон кылмыш иши боюнча маалымат тараткан жок.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

«Кыргызнефтегаздагы»  коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Red Petroleum май куюучу станциялар тармагынын башкы директору Акылбек Маматов жогорудагы кылмыш ишинин алкагында кармалганы маалым болгон.

Сүрөттө: Акылбек Маматов. АКИpress

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты