УКМК Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу эки милиция кызматкери кармалганын билдирди  

Күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн Жибек Урустемованын ишине байланыштуу эки милиция кызматкери кармалды. Бул каргашалуу окуяга алып келген жаңы жагдайлар белгилүү болду

Белгилүү болгондой, аталган кылмыш иши Ички иштер министрлигинен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) өндүрүшүнө алынган.

Кылмыш иши боюнча перативдүү тергөө тобу түзүлүп, кылмыш ишине өбөлгө болгон себептер жана шарттар аныкталган. Иликтөө көрсөткөндөй, каза болгон аялдын коргоо ордери болгонуна карабастан Бишкек шаарынын Свердлов районунун участкалык инспектору Ж.Н. өз мидетттерин так аткарган эмес, жабырлануучунун бир нече жолу кайрылганына карабастан, арыз ээсинин жана балдарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн эч кандай чара көргөн эмес. Андан дагы участкалык инспектор Ж.Н. оор кылмыш жасалгандан кийин кылмышка шектүүнүн жашаган жери боюнча чара көрүү актысын жасалмалап, арткы число менен акты толтуруп, мурда эч нерсе жасабаган аракетин жашыруунун камын көргөн.  

Ал эми Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору А.К. мыйзам бузуу менен айыпталуучуга травматикалык тапанча алып жүрүүгө уруксат берип, анын мөөнөтүн узартып турган.

2025-жылдын 29-декабрында, кылмыш жасалган учурда айыпталуучунун травматикалык тапанча алып жүрүүгө уруксат мөөнөтү өтүп кеткен. Башкы инспектор А.К. алып жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен тапанчаны алып коюу чараларын көргөн эмес.  

2025-жылдын 29-декабрында УКМК аталган милиция кызматкерлерине кызматтык кылмыш боюнча кылмыш ишин козгоп, ошол эле күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизди.      

Иликтөө иштери улантылып жатат.

Тергөө-оперативдүү тобу аныктагандай, 23-декабрда жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атууга шектелүүдө. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Окуя болгон күнү аял 47 жашка чыккан. Анын артында үч баласы калды.

Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынган.

«ПолитКлиника» медиасы бул үрөйдү учурга кылмышта каза тапкан аялдын апасы жана сиңдисинен окуянын чоо-жайын сураган. Алар Бишкекте мурдагы милиция кызматкери ажырашкан аялын апасы жана баласынын көзүнчө тапанча менен атып салгандыгын айтып берген.  Маркумдун сиңдиси менен апасы бийликке кайрылып, ишти адилеттүү тергеп берүүнү өтүнгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы Азамат Токтоналиев жаңы ажырашкан аялын атып өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкеринин окуясынын чоо-жайын ЖМК өкүлдөрүнө айтып берди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты