Кылмыштуулуктун катталуусу 78 пайызга азайган. Милиция кызматкерлерин куттуктоо

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Акыркы жылдары жалпы коом, укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулукка катуу сокку урулуп, уюшкан кылмыштуулукту, коррупцияны тамырынан бери жулуп салууга багытталган натыйжалуу аракеттер болду. Саясий күчтөрдүн ортосунда консенсус болуп, саясий күчтөрдүн толкундоолору жоголуп, криминалдарга гана көңүл буруп иштегенге шарт түзүлдү» деп айтылат куттуктоодо.

Куттуктоодо ошондой эле укук коргоо кызматкерлерине түзүлүп жаткан шарттар тууралуу да белгиленди:  

-Өлкөбүздүн экономикасында жогору темптеги өсүштүн натыйжасында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлерди социалдык жактан колдоого, алардын кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга ресурстар пайда болду. Акыркы төрт жылда министрликтин автопаркы 95 пайызга жаңыланып, бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай багыттагы объекттер курулуп ишке киргизилди. 

Калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө ылайыкташкан Милициянын көчмө кабылдамалары, Санариптик эксперттик борборлор пайдаланууга берилди. Өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера орнотулду. Натыйжада өткөн жылдарга салыштырмалуу кылмыштуулуктун катталуусу 78 пайызга азайып, одоно тартип бузуулар 69 пайызга төмөндөгөн.
Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге, ал эми алыскы Баткен жергесиндеги кызматкерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады. Ал эми 2021-2026-жылдар аралыгында 724 милиция кызматкери батир менен камсыз кылынды, -деп айтылат куттуктоодо.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты