Ташиев: “Ким аялга кол көтөрсө, өзгөчө курал колдонсо, жоопкерчилик катуу болот”

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК)  башчысы Камчыбек Ташиев 47 жаштагы аялдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады.

“Ким аялга кол көтөрсө, айрыкча курал колдонсо, ал бир нерсени так билиши керек: жоопкерчлик катуу жана сөзсүз болот” деп билдирди.

Ташиев бул окуяны үй-бүлөлүк чыр-чатак, эмоция же мас абал менен актоого болбой турганын билдирди.

 «Бул үй-бүлөлүк чыр-чатак эмес — бул киши өлтүрүү, айрыкча жабырлануучу аял жана эне» деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Ал мамлекет аялдарды жана балдарды коргоого милдеттүү экенин жана аялга кол көтөргөн же курал көтөргөн адам оор жаза аларын түшүнүшү керектигин айтты. Ал мыйзам мындай учурларда эч кандай жеңилдик бербей турганын кошумчалады. Ошондой эле Ташиев маркумдун балдарына жана туугандарына көңүл айтып, мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында тураарын баса белгиледи.

Тергөө-оперативдүү тобу аныктагандай, 23-декабрда жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атууга шектелүүдө. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Окуя болгон күнү аял 47 жашка чыккан. Анын артында үч баласы калды.

Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды.

«ПолитКлиника» медиасы бул үрөйдү учурга кылмышта каза тапкан аялдын апасы жана сиңдисинен окуянын чоо-жайын сураган. Алар Бишкекте мурдагы милиция кызматкери ажырашкан аялын апасы жана баласынын көзүнчө тапанча менен атып салгандыгын айтып берген.  Маркумдун сиңдиси менен апасы бийликке кайрылып, ишти адилеттүү тергеп берүүнү өтүнгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы Азамат Токтоналиев жаңы ажырашкан аялын атып өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкеринин окуясынын чоо-жайын ЖМК өкүлдөрүнө айтып берди.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты