Синтетикалык баңгизат менен алектенүүгө шектүүлөр кармалды
- 2 часа мурун
- Видео, Жаңылыктар
КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына синтетикалык баңгизаттардын ири партияларын ташып келүүгө шектелген эл аралык уюшкан эки баңгизат тобу кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук баңгизат топторунун ишмердүүлүгү аныкталды.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын 7 жараны: П.И.Н., С.Э.Э., Т.А.Ж., К.у.С., А.Н.А., А.И.К. жана К.М.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык «Альфа-ПВП» баңгизаты алынды.
Тергөө улантылууда.
Сүрөт: УКМК




