Жаңы ажырашкан аялын өлтүрүүгө шектүүнүн окуясынын чоо-жайын Бишкек ИИББ башчысы айтты    

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы Азамат Токтоналиев жаңы ажырашкан аялын атып өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкеринин окуясынын чоо-жайын ЖМК өкүлдөрүнө айтып берди.

Шаардык ИИББ башчысы Токтоналиев «мурдагы күйөөсү уурдап келип, квартирага алып барып өлтүрүп коюптур» деген маалыматтар чыгып жатканын айтты. ИИББ башчысы булар соттон кийин “бир пикирге келели деген мааниде” жолугушканын билдирди. Ошол күнү сот аларды ажыраштырган. Мурунку аялынын туулган күнү болчу. Андан кийин жолдошу гүл, торт алып, чогуу үйүнө кирип, туулган күндү белгилешкен. Үйүнө киргенде, улуу баласын кайненесинин үйүнө кичүү баласын алып келүүгө жиберген. Баласына «жарашып жатабыз» дешкен.

ШИИББ башчысы күнөө спирт ичимдигинде экенин айтты.  

-Бул жерде күнөөлүү спирт ичимдиги да. Мурдагы аялынын туулган күнүн белгилеп, мас абалында болгон. Булар саат 20:30да үйүнө киришкен. Милицияга чакыруу саат 21:00дө болгон. Чыр чыкканда тигил айым бир тууган сиңдисине чалган.”Урушуп жатабыз, милицияны чакыр” деп. Сиңдиси үйдүн дарегин айткан эмес, автоунаанын гана номерин айткан. Автоунаанын номери менен кайсы даректе экенин таап, 40 мүнөттө барышты. Эшик жабык экен, биринчи кабат болгондуктан, милиция кызматкерлери терезе аркылуу кирген,-деди Азамат Токтоналиев.   

Шектүү 2019-жылы милиция органдарынан кеткенден кийин, алган куралына уруксаты болгон.

Токтоналиев билдиргендей, алар 10 жыл бирге жашашкан, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу милиция билдирүү түшкөн эмес. Бир гана ушул жылы Балыкчыда кызганычтын айынан чыр чыккан окуя белгилүү.  

Ал эми ЖМКда жарыяланган маалыматтар боюнча, Балыкчыда күйөөсү аны ургандыгы боюнча Свердлов райондук милициясына аял арыз жазган. Бирок милиция ал ишти Балыкчыга жиберген.

Бишкекте жаңы ажырашкан аялын өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкери кармалганы тууралуу маалымат тарады.  

Баштапкы маалыматтар боюнча, 23-декабрда аялы күйөөсү менен ажырашып, ажырашуу документтерин бүтүрүп, жумушка кеткен. Кийинчерээк мурдагы күйөөсү, 48 жаштагы У.Б. аны күч менен машинага отургузуп, белгисиз жакка алып кеткен. Аялдын сиңдиси тынчсызданып, милицияга кайрылган, андан кийин аны кармоо планы жарыяланган.

Ошол эле күнү кечинде Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирде кылмыш болгондугу тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Тергөө-оперативдүү тобу аныктагандай, мурдагы жубайлар 1978-жылы туулган У. Ж. жана 1977-жылы туулган У.Б.нын ортосунда чыр чыгып, мурдагы күйөөсү аны МР-79 тапанчасы менен бир канча болу аткан. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Окуя болгон күнү аял 47 жашка чыккан.

Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды.    

Сүрөт: Бишкек ШИИБ             

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты