Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды  

Аскер покуратурасы тарабынан пара талап кылууга шектелип, Жаза аткаруу мамлеккеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

27-октябрда М.Ш. аттуу жаран Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери анын маселесин оң чечип берүү үчүн 100 миң сом акча талап кылганын билдирген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара талап кылууга шектүү Б.Б. аттуу тергөөчү  60 миң сом алып жатканда кармалган.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты