Мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү экс-милиция кызматкеринин кылмыш иши боюнча иликтөөнү УКМК улантат  

  • 4 недели мурун

Жаңы ажырашкан аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкеринин кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) борбордук аппаратынын өнтүрүшүнө алынып, ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.


«Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда үч баланын энесин анын күйөөсү травматикалык курал менен атып өлтүргөнү талкууланып жатат. Кылмышка шектүү ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери экени дагы коомдо талкуу жаратты. Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен бул фактыга байланыштуу козголгон кылмыш иши атайын кызматтын борбордук аппаратына алынды, иликтеп-тергөө тобу түзүлүп, иликтөө башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум келинге убактылуу коргоо ордери берилгенине жана кылмышка шектүү травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүргөнүнө, сактаганына байланыштуу жаңы жагдайлар белгилүү болду. Кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына которулду. Иликтөөнүн жыйынтыгында убагында аракет көрбөгөн, мыкаачылык менен адам өлтүрүлүшүнө жол берген адамдар аныкталып, аларга юридикалык баа берилет» деп жазылган маалыматта.

УКМК ошондой эле күнөөлүүлөр жазага тартыларын билдирди.  

Буга чейин УКМК төрагасы Ташиев бул окуяны үй-бүлөлүк чыр-чатак, эмоция же мас абал менен актоого болбой турганын айткан.

 «Бул үй-бүлөлүк чыр-чатак эмес — бул киши өлтүрүү, айрыкча жабырлануучу аял жана эне» деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Тергөө-оперативдүү тобу аныктагандай, 23-декабрда жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атууга шектелүүдө. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Окуя болгон күнү аял 47 жашка чыккан. Анын артында үч баласы калды.

Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды.

«ПолитКлиника» медиасы бул үрөйдү учурга кылмышта каза тапкан аялдын апасы жана сиңдисинен окуянын чоо-жайын сураган. Алар Бишкекте мурдагы милиция кызматкери ажырашкан аялын апасы жана баласынын көзүнчө тапанча менен атып салгандыгын айтып берген.  Маркумдун сиңдиси менен апасы бийликке кайрылып, ишти адилеттүү тергеп берүүнү өтүнгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы Азамат Токтоналиев жаңы ажырашкан аялын атып өлтүрүүгө шектүү мурдагы милиция кызматкеринин окуясынын чоо-жайын ЖМК өкүлдөрүнө айтып берди.

Сүрөттө: Шектүү. Бишкек шаардык ИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты