Бишкекте жаңы ажырашкан аялын өлтүрүүгө шектелип, мурдагы милиция кызматкери кармалды
- 3 недели мурун
Бишкекте жаңы ажырашкан аялын өлтүрүүгө шектүү мурдагы күйөөсү, милициянын экс-кызматкери кармалды.
Баштапкы маалыматтарга караганда, 23-декабрда аялы күйөөсү менен ажырашып, ажырашуу документтерин бүтүрүп, жумушка кеткен. Кийинчерээк мурдагы күйөөсү, 48 жаштагы У.Б. аны күч менен машинага отургузуп, белгисиз жакка алып кеткен. Аялдын сиңдиси тынчсызданып, милицияга кайрылган, андан кийин аны кармоо планы жарыяланган.
Ошол эле күнү кечинде Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирде кылмыш болгондугу тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Тергөө-оперативдүү тобу аныктагандай, мурдагы жубайлар ортосунда уруш чыгып, ал киши МР-79 травматикалык тапанчасы менен аялды атып жиберген. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Окуя болгон күнү аял 47 жашка чыккан. Анын артында үч баласы калды.
Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды.
Сүрөттө: Шектүү. Бишкек шаардык ИИББ




