Милиция Ош шаарында студенттерди токмоктогон шектүүлөрдү кармады
- 1 час мурун
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери бир жаранды уруп жаткан социалдык тармактарда таралган видео тасмадагы окуяга шектүү катары ОшТУга караштуу колледждин 1—курсунун студенттери, 2010-жылы туулган Н.Э. жана А.Д., 2011-жылы туулган А.А. кармады.
Бул тууралуу Ош шаарлык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шектүүлөр Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө кызматынын баштапкы маалыматына караганда, 27-октябрда шектүүлөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин аталган окуу жайдын спорт талаасына жакын жерде токмоктошкон.
Окуя боюнча иликтөөлөр башталды, экспертиза дайындалды.
28-октябрь күнү адегенде фейсбук социалдык түйүнүндөгү «БезпределКG» жаңылыктар баракчасында, андан соң, башка интернет түйүндөрү аркылуу «Ош шаарындагы окуя» деп көрсөтүлүп, анда бир жаранды уруп жаткан видео тараган.
Сүрөттө Окуя болгон учурдагы видеотасмадан алынган сүрөт




