Өзгөндө жарандарды алдоого шектүү кармалды
- 16 часов мурун
- Жаңылыктар
Өзгөн районунда бир нече жаранды алдап, ири суммадагы акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн ээлеп алган деп шектелген жаран кармалды.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы (ОИИББ) билдирди.
Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылгандардын билдирүүсүнө ылайык, шектүү мамлекеттик органдарда тааныштары бар экенин айтып, ар кандай маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убада кылган. Алардын ишенимине кирип, акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн ээлеп алган.
Арыздар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
15-октябрда кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган И.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы Өзгөн райондук соту тарабынан каралып, эки айга камакка алуу түрү колдонулган.
Маалыматта шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон бир нече буюм далил катары, сактоого уруксат берилген газ-жаракат келтирүүчү тапанча ок-дарылары менен алынгандыгы айтылат.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.




