Кегети капчыгайында сууга кулап кеткен унаадагы баланы издөө улантылууда
- 2 месяца мурун
Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети капчыгайында болгон кырсыктан кийин дайынсыз жоголгон жаш баланы издөө иштери экинчи күн катары менен уланууда.
Кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.
Учурда издөө иштерине куткаруучулар менен катар Чүй токой-аңчылык чарбасынын кызматкерлери дагы катышып, суунун жээктерин жана кооптуу тилкелерди текшерүүдө.
Изделип жаткан 2014-жылы туулган М.У. аттуу өспүрүм кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.
Ал эми 2020-жылы туулган М.У. аттуу жаш баланы издөө иштери токтобой улантылууда.
Эки күндөн бери куткаруучулар менен чогуу токой чарба кызматкерлери бардык мүмкүн болгон аймактарды карашууда.
Кегети капчыгайында унаа дайрага кулап, эки жаш баланы суу алып кеткен
23-июнда Кегети капчыгайында унаа дайрага кулап кеткен. Унаада беш киши, анын арасында эки жаш бала болгон.
Сүрөт: Токой кызматы




