Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калган жаранды издөө улантылууда
- 4 недели мурун
Бүгүн, 14-февралда, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда дайынсыз болгон жаранды издөө иши улантылууда.
Кечээ, 12-февралда, Д.А. аттуу 59 жаштагы эркек кишини 50 баш кою жана аты менен кар көчкү басып калгандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымат тараткан.
Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 13-февралда, түнкү саат 3:00дөн тарта ӨКМдин аймактык башкармалыктарынан, ведомстволук түзүмдөрдөн жалпы 24 куткаруучу көчкү басып калган жаранды издөө иштерин жүргүзүштү. Натыйжада 10 баш койдун тарпы табылган. Бирок жаран табыла элек.
Куткаруучулар көчкү түшкөн аймактан 5 чакырым ылдый чабандардын үйүндө түнөп калышкан.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




