Интерпол аркылуу изделген Кыргызстандын жараны АКШда кармалды
- 6 дней мурун
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Америка Кошмо Штаттарынын Ички коопсуздук министрлиги жана Иллинойс штатындагы Баңгизаттар менен күрөшүү департаменти менен бирге жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ы.М. кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Ал 2023-жылдан бери Интерпол тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.
Тергөө материалдарына ылайык, Ы.М. мунайзаттарды сатуу менен алектенген уюмдардын биринде жетекчи кызматта иштеген А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, күйүүчү отун уурдоого катышкан. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жалпы 1536,51 тонна күйүүчү отун уурдалып, 51 780 387 сомдук зыян келтирилген.
Учурда Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызматтары тарабынан кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
АКШнын HSI (DEA) убактылуу кармоочу жайларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 8 жаран экстрадициялоо жол-жобосунан өтүүдө. Алардын ичинен 3 адам Кыргызстанга алынып келинген.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: ИИМ




