Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы ишканаларды сатып алууга Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылганын айтты
- 2 месяца мурун
Социалдык тармактарда тараган, Жалал-Абад облусунда ишканаларды рейдерлик жол менен менен тартып алган деген видео боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев “Регион телеканалынын” социалдык тармактарындагы баракчасында жооп кайтарды.
«Мен бүгүн дагы көрүп-угуп чыктым. Бул, биринчиден, ал жерде эч кандай завод болгон эмес. Советтер Союзу таркагандан кийин кайсы завод калды эле, завод жок эле да. Адамдарды адаштырып, алдап атпайбы. Ооба, мен аны сатып алганмын, адашпасам, 2022-жылы болгон. Тартып алуу болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес эле. Акчага сатып алгам, ачыгын айтканда канчага сатып алганымды так билбейт экенмин, 470 миң долларга алсам керек, адашпасам. Экинчиден, ал жакта эч кандай завод болгон эмес да, темир-тезектер, трубалар бар экен, ээси кийин алып чыгып кеткен. Ичи өрттөнүп кеткен имарат, биз ал жерди бузуп, ал жер Барселона академиясы жайгашкан жер, 41 сотых жер. Ошо жерге биз мектеп куралы деген план, ниет болгон. Мен ал кишини тааныйм, ал киши менен сүйлөшүп жатканда, 3-4 жолу жолукканбыз. Ал өтө кымбат айткан, биз суранганбыз, Бакыт Төрөбаев өзү ортого түшүп, бир суранганыз, себеби сатуучу ага тууган болчу, Төрөбаев өзү ортого түшүп, баасын түшүргөнгө жардам берген. Ад дүкөн боюнча, ал жер менен дүкөндүн ортосунда 3-4 үйдү сатып алып, келечекте дүкөндү кошуп, балдар аянтын курабыз дегенбиз. Аны жер сатып алгандан кийин 3пү, же 4-5 айдан кийин, 80 миң доллар колуна акча карматып, сатып алгам. Азыр үй-бүлөбүздү, айрыкча атамды каралоого аракет кылып жатат. Орозо учурунда, ыйык күндө алдабаса жакшы болмок, биз аларды кечирдик» деди Таймурас Ташиев.
Социалдык тармактара 23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев деп жазылган адам менен дагы бир кишинин аудио сүйлөшүүсү жарыяланган. Анда ал киши Таймурас Ташиев менен ал кезде УКМКнын Жалал-Абад облустук башчысы болуп турган, учурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов экөөнө ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, ал эми заводду бузуп кетем десе да, бербей койгонун билдирген. Таймурас Ташиев ага бир миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун айткан.
Таймурас Ташиев — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу, “Томас и Ко» компаниясынын директорунун орун басары. Бишкек-Ош жолундагы «Өзгөн» айланма жолунун курулушунун инвестору деп да айтылат.
Сүрөттө: Таймурас Ташиев. Интернет булактарынан




