Бишкекте эки өтмөк пайдаланууга берилди

  • 1 месяц мурун

5-июнда Бишкек шаарында эки жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн ачылышы болду.

Жаңы объекттердин бири Жибек Жолу проспектисинде, Аламүдүн базарынын аймагында, экинчиси 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан.

Жер үстүндөгү өтмөктөр заманбап лифт менен жабдылган.

Жибек Жолу проспектисиндеги жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн узундугу 27 метрди, ал эми 7-Апрель көчөсүндөгүсү 37 метрди түзөт.

Учурда объекттерде уюштуруу жана техникалык иштердин акыркы этабы жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү көпүрөлөр толук пайдаланууга берилет жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн жеткиликтүү болот.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты