Түптөгү токой чарбанын экс-директору кызмат абалынан пайдаланууга шектелүүдө
- 5 дней мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта Түп токой чарбасынын мурдагы директору Р.Б.М. кызмат абалынан пайдаланып, мыйзам талаптарын бузуу менен мамлекеттик токой фондусунун жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө өзүнүн жакын туугандарынын пайдасына бөлүп берүүгө шектелгендиги айтылат.
Мындан тышкары, ал финансы-чарбалык ишмердүүлүк үчүн жооптуу кызмат адамы катары токой продукцияларын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгендиги да белгиленди.
7-июлда Р.Б.М. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого айыпталган.
Тергөө иштери улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




