Бишкекте эки көчө оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

  • 2 часа мурун

Бишкек шаарынын Ленин районунда Купянский көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Космический көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Космический көчөсүнүн Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери аяктап, жолдор пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Жол куруу иштери 2026-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлдү. Курулган жол тилкелеринин жалпы узундугу 1 585 метрди түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Курулуш иштерин башкы подрядчы «Су-4 Кара-Балта» компаниясы аткарды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты