Жол курууда бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар аныкталды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Башкы прокуратура жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды аныктады.
Маалыматта айтылгандай, №11 жана №4 жол эксплуатациялоо ишканалардын, ошондой эле «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары Ак-Суу районундагы Жыргалан лыжа базасына баруучу жолду курууга жана Түп районундагы Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолуна шагыл төшөөгө субподряддык уюм катары тиешелүү квалификациялык талаптарга жооп бербеген, иштерди аткаруу тажрыйбасы, жетиштүү финансылык жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбогон “Д.Т.” ЖЧКсын тартышкандыгы аныкталган.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн кызмат адамдары мыйзамдардын талаптарын бузуу менен “Д.Т.” компаниясынын кызыкчылыгын көздөп, келишимдерди аткарууну камсыз кылуучу кепилдик камсыздоосу жана аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмдөрүн ырастоочу документтер жок болгондугуна карабастан, аталган уюмдун эсебине бюджеттик каражаттарды которушкан.
Өз кезегинде «Д.Т.» компаниясы алынган каражаттарды жол куруу иштерине эмес, башка максаттарга жумшап, натыйжада мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




