Кара-Балтанын вице-мэри кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө  

  • 1 неделя мурун

Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. Кара-Балта шаарынын вице-мэри К.А.У. менен кылмыштуу бүтүмгө келип, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын жана битумдук асфальтты мыйзамсыз сатууга шектелүүдө.

Аталган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты