УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) бир нече жолу чакырылган, бирок жүргүзүлүп жаткан иликтөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМК  келип түшкөн маалыматтардын негизинде жана депутат  Жамгырчиевдин Кыргыз Республикасынын аймагында жок болушу, анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүн аймагында болуусунан кабар берерин билдирди.

Ушуга байланыштуу УКМК Эмил Жамгырчиев жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312) 660475, (0312) 626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүндү.

Жанар Акаев 30-ноябрда Жогорку Ке=ештин жыйынында Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча сөз сүйлөп, Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген. УКМК “учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз” деген маалымат тараткан.

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

Бул факты боюнча тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлгөн, ЖК КР депутаты Жанарбек Акаев жана Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришкен.

УКМК Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312) 660475, (0312) 626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.

Эки жума мурун депутат Эмил Жамгырчиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, үй-бүлөлүк шартка жана ден соолугуна байланыштуу эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу өтүнүчү менен парламент төрагасына кайрылганын билдирген.

“Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм. Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасына расмий кат менен кайрылгам. Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем” деп жазган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасында кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген соң, кайра кое берилгени маалымдалган.

Эмил Жамгырчиев менен бирге кармалып, кое берилген депутат Чыңгыз Айдарбеков медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет жактарга сапар алганын, жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келерин билдирген.

Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков – “Альянс” фракциясынын мүчөлөрү. 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбооруна каршы добуш беришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты