ЖК депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кармалып, кайра кое берилгени айтылууда

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасында кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген соң кайра кое берилди.

Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков сөөк коюу тажыясына бара жатышкан. «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон. УКМК [кызматкерлери] аны кармашкан. Биз чогулдук, Жамгырчиевди кое беришти», — деп жазган Сурабалдиева.

Дагы бир эл өкүлү Мирлан Самыйкожо «Кактус Медиа» басылмасына Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде УКМКнын кызматкерлери тосуп алганын жана атайын кызматтын имаратына чейин барууну айтышканын билдирген.

«Депутаттар УКМКнын имаратына чейин барышкан, бирок имараттын ичине киришкен эмес. Сыртта турган соң, аларга бош экенин айтышкан», — деп билдирген Самыйкожо.

УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков — «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү. 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбооруна каршы добуш беришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты