«Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өргүүгө чыктым». Эмил Жамгырчиев билдирүү жасады

  • 1 год мурун

Депутат Эмил Жамгырчиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

«Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм. Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасына расмий кат менен кайрылгам. Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасында кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген соң кайра коё берилген.

Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча сөз сүйлөп, Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген. УКМК “учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз” деген маалымат тараткан.

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

"Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өргүүгө чыктым". Эмил Жамгырчиев билдирүү жасады
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты