Депутат Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет жакка чыкканын билдирди

  • 1 год мурун

Депутат Чыңгыз Айдарбеков медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет жактарга сапар алганын, жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келерин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле. Андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болоор замат, ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем. Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем, -деп жазды депутат Айдарбеков.

«Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасында кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилген соң кайра кое берилгендиги маалымдалган. Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков сөөк коюу тажыясына бара жатышкан. «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон.

Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков — «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү. 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбооруна каршы добуш беришкен.

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жалпы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан четтетишти.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты